Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

Кыргызстанда ВИЧ илдетинен 1173 киши каза болду


2015-жылдын 1-апрелине карата өлкө аймагында ВИЧ илдетин алып жүргөн 5908 киши катталды. Алардын 67 пайыздан ашуунун эркектер түзөт. Кыргызстанда бул илдет катталган жылдан тартып 1170тен ашуун киши ушул дарттан улам каза болду. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте ВИЧ илдетинен каза болгондорду эскерүү иш-чарасында республикалык СПИД борборунан кабарлашты. Ооруну жуктургандардын басымдуу бөлүгүн 30-40 жаштагылар түзөт. 14 жашка чейинки 530 бала бар.

Адистер соңку жылдары өз ыктыяры менен анализ тапшыргандар көбөйгөнүн, текшерүүгө келбей жүргөндөрдү кошо эсептесе, ВИЧ жуктургандардын саны азыркыдан бир кыйла көп болушу мүмкүн экенин белгилешет. Кыргызстанда ВИЧке чалдыккан адам алгач 1996-жылы аныкталган. (КE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG