Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Келдибековдун соту 26-майда уланат


Жогорку Соттун бүгүн берген маалыматына ылайык, 20-майда депутат Акматбек Келдибеков жана Социалдык фонддун мурдагы орун басары Батина Аманалиеванын жазык иши боюнча күбөлөр суралды. Анда Ж.Паязов, У.Ашимов жана аларга кошумча Жогорку Кеңештин депутаттары Талантбек Узакбаев, Ыргал Кадыралиева, Хажимурат Коркмазов, Дастан Бекешов күбө катары сурак берди.

Узакбаев парламентте түзүлгөн комиссия төрт пункттан турган токтом чыгарганын, анда Москвада өкүлчүлүк түзүү мыйзамдуу болгонун, финансылык бузуулар табылбаганын, ал Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн белгиледи. Кийинки соттук отурум 26-майда болот. Ишти Биринчи Май райондук соту кароодо.

Башкы прокуратура Келдибеков спикер кезинде кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, өкүлчүлүк мыйзамсыз ачылган жана ага он миллион сом акча бөлүнүп, өлкө казынасына зыян келген деген айып таккан.

Келдибековго мындан сырткары дагы эки кылмыш иш козголгон. Биринчиси Социалдык фонддун төрагасы, ал эми экинчиси Салык кызматын жетектеп турган маалга туура келет. Мамлекеттик айыптоочулар Келдибеков Салык кызматынын башында турганда бир миллион сомдон ашык салык өлкө казынасына түшпөй калган деген доо койгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG