Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

“Ырыс алды ынтымак” видео сынагы жыйынтыкталды


БУУнун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) демилгеси менен "Азаттык" радиосу жарыялаган видео сынак жыйынтыкталды. Эки айга созулган "Ырыс алды - ынтымак" деген тема алдындагы сынакка ар башка этностук топтордун мамиле-катышын чагылдырган ондогон видео баяндар келип түшүп, мыкты делген 15тен ашууну www.azattyk.kg сайтына жарыяланган. Алардын ичинен биринчи орун “Ырыс алды ынтымак” тасмасына ыйгарылып, авторго ноутбук берилди. 10 жаштагы Кайрат тууралуу тасма экинчи жана кыргызга келин болгон жапон айым жөнүндө тасма үчүнчү орунду ээлеп, авторлор Canon фотоаппаратын алышты.

Сынактын жыйынтыгы жана сыйлык тапшыруу аземи Оштогу “Сулайман Тоо – тынчтыктын жана биримдиктин символу” аттуу фестивалдын алкагында өттү. Мыкты делген тасмалар фестивалдын катышуучуларына көрсөтүлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG