Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:39

23-майда туруксуз аба ырайы болот


Кыргызстандын аймагында 25-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. 22-майдан баштап абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18 градус, тоо этектеринде 10…15 градус, бийик тоолуу райондордо 0…5 градус жылуу болот.

23-майда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 16...21,

Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 12...17,

Баткен облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 15...20,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19,

Нарында түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5 градус жылуу болот.

23-майда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын ыктымалы аз, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 18…20 градус жылуу болушу күтүлөт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG