Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Кыргызстандын Беларус менен Британиядагы элчилери дайындалды


Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, Кыргызстандын Беларустагы элчиси болуп Кубанычбек Өмүралиев, ал эми Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчилигине Гүлнара Искакова дайындалды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Кыргызстан аталган эки мамлекеттеги элчилерин 2012-жылы чакыртып алган. Буга мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарынын экстрадиция кылынбай жатканы себеп катары көрсөтүлгөн эле.

Кубанычбек Өмүралиев буга чейин Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлигиндеги, Гүлнара Искакова Швейцариядагы элчиси болуп иштеген. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстандын Беларус жана Британиядагы элчилик кызматына талапкерлерди өткөн аптада жактырган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG