Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:30

Айрым саясатчылар “Кыргызстан” партиясынын тегерегине биригүүдө


Нарындын мурдагы губернатору Канатбек Муратбековдун “Азаттыкка” айтымында, партия учурда курамын түзүүдө. Азырынча Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, коомдук ишмер Рустам Маманов, өкмөттүн Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Исаев, Баткендин мурдагы губернатору Арзыбек Бурханов бар.

Айрым маалымат каражаттары “Аю” ишканасынын ээси Шаршенбек Абдыкеримов да ушул партияда экенин жазышты. Муратбеков “Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоого катышарын, июндун башында анын курултайы өтөрүн белгиледи. Ал башка бир партиялар менен биригүү мүмкүнчүлүктөрүн да четке каккан жок.

Рустам Маманов буга чейин “Замандаш” партиясынын теңтөрагасы болчу. Ал эми алгач “Республиканын” тизмеси аркылуу шайланган Канат Исаев, Шаршенбек Абдыкеримов партиядан чыгып өзүнчө топ түзгөн.

"Кыргызстан" партиясы 2010-жылы түзүлгөн. Андан бери бир да шайлоого катыша элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG