Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

Жеке бала бакчалар салыктан бошотулат


Буга байланыштуу мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. “Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга ылайык, жеке менчик бала бакчалар, кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер пайда салыгынын кошумча нарк жана сатык салыгынан бошотулат. Аталган мыйзамды парламент ушул жылдын апрель айында кабыл алынган. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 927 бала бакчада 135 миң жеткинчек тарбияланат. Жалпысынан өлкө боюнча 2-7 жаш курактагы 700дөн ашуун бала болсо, алардын 17 пайызы гана бала бакчага барат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG