Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

Саудияда жанкечти чабуулунан он кишинин өмүрү кыйылды


Кабарларга караганда, жарылуу өлкөнүн Чыгыш провинциясындагы мечитте болду. Андан кеминде он адам өлүп, дагы онго жакыны жаракат алды.

Жанкечти өлкөдө азчылыкты түзгөн шииттер жашаган кыштактагы мечитти бутага алган. Жанкечти чабуулунун артында ким турганы азырынча анык эмес.

Бирок бул кандуу окуя Саудия коңшу Йемендеги шииттердин хусит согушкерлерине каршы абадан сокку уруу өнөктүгүн жетектеген учурга туш келди.

Негизинен суннит мусулмандар үстөмдүк кылган Сауд Арабия буга чейин “Ислам мамлекети” тобунун коркутуусуна кабылган.

Былтыр өлкөнүн чыгышында сегиз динзардын атып өлтүрүлүшү үчүн бийликтер “Ислам мамлекети” тобун айыпташкан. (UE)

XS
SM
MD
LG