Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

Нидерланд өкмөтү жүздү жабууга жарым-жартылай тыюу салат


Нидерланд өкмөтү мусулман аялдар мына ушундай кийим менен коомдук жайларда жүрүүсүнө тыюу салууну көздөөдө.

Нидерланд өкмөтү мусулман аялдар мына ушундай кийим менен коомдук жайларда жүрүүсүнө тыюу салууну көздөөдө.

Адамдардын бетин жапкан кийимчен коомдук транспортто, мектептерде, өкмөттүк имараттарда, медициналык жайларда жүрүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоорун Нидерландиянын өкмөтү бүгүнкү отурумунда колдоду.

Премьер-министр Марк Руттенин айтымында, бул сунуш кайсыл бир топко каршы багытталган эмес.

Бирок Нидерландия өкмөтүнүн бул кадамы мусулман аялдардын жүзүн толук жапкан кийими: бурка менен никапты мыйзамсыз деп табуу аракети катары каралууда. Өкмөттүн сунушу эми укуктук экспертизадан өткөрүлөт.

Европанын мусулмандар эң көп жашаган өлкөсү - Франция коомдук жайларда бети-башты чүмкөп жүрүүгө тыюу салган мыйзамды 2011-жылы эң биринчи болуп киргизген. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG