Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:20

“Вечерний Бишкектин” үлүштөрү кайрадан катталды


Бул тууралуу юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 6-апрелде басылманын акциялары 25 пайыздан төрт кишиге кайрадан катталган. Акция ээлери “Вечерний Бишкекке” ээлик кылган Александр Ким жана Александр Рябушкиндин жакындары болуп саналат.

20-майда Биринчи Май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев Александр Рябушкиндин талабын канааттандырып, “Рубикон”фирмасынан анын пайдасына 388 млн. сом төлөп берүү чечимин чыгарды. Бул доону камсыз кылуу үчүн сот Александр Кимдин жана “Рубикондун” мүлкүн камакка алды. Сот “Рубикон” фирмасынын ээлери Александр Ким жана Анна Власенкону катыштырбай эле маселени карап, чечим чыгарып койгон.

Буга чейин соттор “Вечерний Бишкекке” ээлик кылган “Рубикон” компаниясынын 50% акциясын Рябушкиндерге өткөрүп берген. Гезиттин жамааты жана жетекчилиги муну рейдерлик катары баалап, Рябушкиндин жана соттордун артында президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы адамдар турат деп айыптоодо.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG