Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Ош катуу шамалдан 3 млн. сомго жакын зыян тартты


21-майда Ош облусунда болгон катуу шамалдын кесепеттери эсептелип чыкканын ӨКМдин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Министрлик шамалдан жабыркагандарга 1250 шифер жөнөттү.

Анын айтымында, шамалдан Араван, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун жашоочулары көп зыян тартышкан. Араван району боюнча 29 турак үй, бир маданий клубдун чатырлары учкан жана электр зымдары үзүлгөн. Кара-Кулжада оорукана, мектеп, бала бакча жана турак үйлөрдүн 3 миң 51 шифери учуп, жалпы чыгым 2,5 млн. сомго жеткен. Өзгөн районунда катуу шамалдан социалдык, аскердик имараттардын жана турак үйлөрдүн 620 даана шифери талкаланган. Шамалдын айынан келтирилген жалпы чыгым Ош облусу боюнча 2 млн. 700 миң сомду түздү.

Ошто 21-май күнү кечки саат бештер чамасында секунданы 25-28 метрди түзгөн катуу шамал орун алган болчу. (YI)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG