Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:30

Казакстанда баланы өлтүрүп, зордуктады деп шектелген кыргыз жараны кармалды


Казакстанда өспүрүм баланы зордуктады жана өлтүрдү деген шек менен кыргыз жараны кармалды.

Коңшу өлкөнүн КТК телеканалынын кабарлашынча, Кыргызстандын жараны өспүрүм баланы алгач муунтуп, андан кийин зордуктаган. Окуя Казакстандын Жамбыл облусунда болгон, шектүү жаран кылмышын мойнуна алган. Ал көрсөтмөсүндө короодо ойноп жүргөн өспүрүмдү үйүнө алдап чакырып муунтканын, андан кийин жансыз денени муздаткычка катып койгонун айткан.

55 жаштагы кылмышка шектүүнүн аялы да камакка алынды. Милиция аны кылмышты жашырып-жапкан деп айыптап жатат. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Шектүү жаран ушундай эле кылмыштарды Орусияда жана Кыргызстанда жасаганы айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG