Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Калифорниянын эки тургуну ИМ тобун колдогону үчүн камалды


АКШнын Калифорния штатынын эки жашоочусу “Ислам мамлекети” согуштук тобуна кошулуу ниетин билдиргени үчүн камакка алынды. Американын Юстиция министрлигинин кабарлашынча, 24 жаштагы Муханад Бадауи жана Надер Эльхузаэль Жакынкы Чыгыштагы согушкерлердин катарына кошулмак.

Тергөөнүн маалыматы боюнча айыпталуучулар интернеттеги социалдык тармактарда “Ислам мамлекети” тууралуу талкуу уюштурушкан жана согушта шейит катары өлүү ниеттерин жазышкан. Эгер сот күнөөлүү деп тапса аларды 15 жылга эркинен ажыратат.

XS
SM
MD
LG