Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Хиллари Клинтондун жеке кат алышуулары жарыялана баштады


Хиллари Клинтон
Хиллари Клинтон

АКШнын мамлекеттик департаменти мекеменин мурдагы башчысы, учурда президенттикке ат салышып жаткан Хиллари Клинтондун электрондук жеке кат алышуусунун алгачкы бөлүгүн жарыялады.

Клинтон жеке электрондук дарегин кызматтык иши үчүн колдонгон деп айыпталып жатат. Американын мыйзамдары жеке электрондук даректи мамлекеттик иш үчүн жана сырдуу материалдарды бөлүшүү үчүн колдонууга тыюу салат.

Экс-мамлекеттик катчы мындай айыптоолорду четке кагып, электрондук дареги аркылуу сыр материалдарды бөлүшпөгөнүн айтууда. Ал кат алышуулардын ачык жарыяланышын колдоп, ушундай жол менен күнөөсүз экенин далилдегиси келген.

Мамдепартамент Клинтондун жалпы каттары 55 миң экенин маалымдады. Учурда анын аз гана бөлүгү жарыяланды. Кат алышуулардын бардыгы 2016-жылдын январына чейин шардана болору айтылууда. Хиллари Клинтон президенттикке ат салышчу бирден бир күчтүү талапкер. Кат алышууга байланыштуу чыр үгүт кампаниясына удаа жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG