Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Польшада бүгүн президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт


Президенттик шайлоонун экинчи туруна азыркы президент Бронислав Коморовский менен “Укук жана акыйкат” оппозициялык партиясынан талапкер Анджей Дуда чыккан.

Шайлоонун алдындагы сурамжылоого ылайык, президенттик кызматка талапкерлерди добуштардын жарым пайызы гана ажыратып турат. Бирок Анджей Дуда фаворит катары саналууда. Ал 11-май күнү өткөн биринчи турда добуштардын басымдуу бөлүгүн алган, бирок ошол эле учурда добуштардын жарымынан өйдө өтө алган эмес. Аны жарандардын 35 пайызы колдогон. Коморовский болсо болжол менен 34 пайыз добуш алган.

Экинчи турдун алдында талапкерлер өз тандоолорун билгизбегендер же болбосо ар бир онунчу шайлоочунун добушу үчүн жана эки апта мурда күтүүсүз 20 пайызга ээ болгон рок-музыкант Павел Кукизаны колдогондордун добуштары үчүн күрөшкөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG