Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:26

Зордукталган кыздар боюнча маалымат берген дарыгердин жоопкерчилиги каралат


Өгөй атасы тарабынан зордукталды делген 10 жана 6 жаштагы эже-сиңди тууралуу жалган маалымат берди деген шек менен Бишкек шаардык балдардын тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбековдүн үстүнөн Чүй облусттук ички иштер башкармалыгы Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облусттук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматкери Нурбек Токтосунов билдирди. Анын айтымында, аталган оорукананын дарыгерлери кыздардын зордукталышы боюнча укук коргоочуларга так эмес маалымат беришкен. Башкы прокуратура кыздарга атайын психологиялык, медициналык көз карандысыз текшерүү жүргүзгөндөн кийин дарыгерлердин бүтүмү боюнча жыйынтык чыгарылат.

Азыркы тапта аталган кыздардын кичүүсү өгөй атасы менен апасынын колунда. Ал эми улуусу өгөй атасынын туугандарыныкында жашап жатат. Укук коргоочулар бийликке кайрылгандан кийин секелектердин ишин өкмөт башчы Темир Сариев өз көзөмөлүнө алган.

14-майда социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына 10 жана 6 жаштагы эже-сиңдини өгөй атасы зордуктады деген шек менен алып барышкан. Догдурлардын текшерүүсүнөн кийин кыздардын жыныстык органдарына доо кеткени такталган. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG