Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:55

Ошто камактагы Кеңеш Мырзакматовдун эки шериги кармалды


Июнь коогалаңынын жабырлануучулары үчүн курулган үйлөрдү сыртынан саткан деп шектелген топтун дагы эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнен кабарлашты.

Алардын бири Аксыда, экинчиси Бишкекте качып жүргөн жеринен кармалган. Аксыдан кармалган шектүүнүн үстүнөн адамдар 67 миң долларды алдап кетти деп арыз беришсе, Бишкектен колго түшкөн киши элди 180 миң долларга алдаган деп шектелүүдө.

Буга чейин батир берем деп элди алдаган деген шек менен Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун бир тууган агасы Кеңеш Мырзакматов кармалган болчу. Учурда бул топтун үстүнөн арыз жазгандардын саны 36 адамга жеткен. Кармалгандардын иши тергелүүдө. (YI)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG