Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

Рамзан Кадыров “Түнкү карышкырлар” мотоклубунун чечен бөлүмүн ачты


Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров “Түнкү карышкырлар” мотоклубунун чечен бөлүмүн ачып, ага өзү лидер болду. Ал социалдык тармактарда мотоклубдун идея-максаттарын бөлүшкөндүктөн ага мүчө болуп киргендигин жазган. Кадыровдон тышкары аталган клубга дагы 15 киши мүчө болду. Алар мотоклубдун антына кол коюп, бул кыймылдын лидери Александр Залдостановдун колунан белги басылган кайыш кемселдерди алышты. Байкерлердин лидери Чеченстанда клубдун бөлүмүнүн ачылышын Орусиянын биримдигинин символу деп атады.

“Хирург” деген лакап атты алып жүргөн Александр Залдостанов “Антимайдан” кыймылынын лидерлеринин бири болуп саналат. Бул айда “түнкү карышкырлар” Жеңиштин 70 жылдыгына карата Европа боюнча мотожүрүшкө чыгууга аракет кылышкан. АКШ жана Канада Залдостановду Украинадагы абалды дестабилдештирүүгө катышы бар деп, санкция киргизилген адамдардын тизмесине кошкон. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG