Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

Маматалиев: Көчкүдөн жабыркап ооруканада жаткандарды караган бир да дарыгер жок


Мындай пикирин вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев бүгүн Жалал-Абадда өткөн чукул жыйын учурунда билдирди. “Мен Сузактын Кыржол айылында болгон жер көчкүдөн улам жаракат алып, учурда райондун бейтапканасында жаткан оорулуулар менен таанышып келдим. Ал жерде эки медайымдан башка бир да дарыгерди көргөн жокмун. Ушундай чукул кырдаал учурунда дарыгерлер көзөмөлдөш керек болчу. Саламаттыкты сактоо министри Бишкекте туруп дары-дармек жетиштүү деп жатат. Бул жакта болсо абал дурус эмес. Министрдин өзүнө тапшырма берем, бул жагдайды териштириш керек" деди Маматалиев.

Сузактын Кыржол айылында 24-майга караган түнү көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калган. Натыйжада 6 адам каза таап, айылдын 5 тургуну ооруканага жаткырылды. Набыт кеткендердин баарынын сөөгү жерге берилди. Азыр аймакта тазалоо жумуштары жүрүп жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG