Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев кечээ кечинде Жалал-Абадда өткөн чукул жыйын учурунда Кыр-Жол айылында болгон кырсыкта жабыркагандарга медициналык жардам жетиштүү түрдө көрсөтүлбөй жатканына нааразылыгын билдирди. Ал өзү жабыркагандар жаткан ооруканага барган кезде бейтапканада эки медайымдан башка бир да дарыгер жоктугун айтып, саламаттыкты сактоо министрине бул жагдайды териштирүүнү тапшырды. Маматалиев ошондой эле жер көчкү коркунучу бар аймактардагы элди коопсуз жакка көчүрүүнү тездетүүнү да буйруду.

Расмий маалыматтарга караганда, өлкө аймагында учурда 22 миң участкада жаратылыш кырсыктары болуу коркунучу бар. Ал эми Жалал-Абад облусунда бүгүнкү күндө 252 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашап келет. (RsK;ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG