Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Ошто маңзатты көзөмөлдөө кызматынын имараты курулат


Бажы биримдигинин эн белгиси
Бажы биримдигинин эн белгиси

Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин оперативдүү кызматкерлери үчүн жаңы имараттын курулушу башталууда. Өткөн ишемби күнү ЖККУнун башкатчысы Николай Бордюжа, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү, вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин катышуусунда имараттын пайдубалына капсула коюлду.

Мурдараак Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү Кыргызстан аркылуу өтүп жаткан маңзат коридору, аны буунун жолдору тууралуу журналисттерге маалымат беришкен.

Кыргызстан ЕАЭБге кирүү тууралуу документтерге 8-майда кол койгон. Ал документтер кыргыз парламенти жана президенти тарабынан толугу менен өткөн жумада ратификацияланды. Эми Кыргызстан толук кандуу мүчө болуу үчүн ал документтер биримдикке мүчө башка мамлекеттердин ратификациясынан өтүүгө тийиш.(ZKo)

XS
SM
MD
LG