Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Кордолгон эже-сиңдинин иши боюнча комиссия түзүлдү


Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин Чүй облустук милициясы үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылды деген эже-сиңдинин иши боюнча соттук-медициналык экспертизаны комиссиялык негизде жүргүзмөй болду. Бул тууралуу бүгүн акыйкатчынын аппаратынан кабарлашты.

Акыйкатчы Бакытбек Аманбаев экспертизаны компетенттүү, көз каранды эмес адистер жүргүзүшүн талап кылууда.

14-май күнү социалдык коргоо кызматкерлери 10 жана 6 жаштагы кыздарды өгөй атасы зордуктады деген шек менен Бишкек шаарындагы балдардын №3 клиникалык тез жардам ооруканасына алып барган. Доктурлар зордуктоо болгонун тастыктаганы менен соттук-медициналык экспертиза ага макул болбой, кошумча экспертизага жөнөткөн. Кыздардын энеси "Биринчисинде мен өзүм кармап алгам. Кызымдан сурасам ал үч жылдан бери күйөөмдүн зордуктоосуна кабылып жүргөнүн айтты. Милицияга арыз жазсам, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү аны чыгарып жиберди" деп айтып берген болчу.

Өткөн аптада милиция №3 оорукана туура эмес диагноз койгон деп башкы дарыгер Талант Өмүрбеков жоопко тартылышы мүмкүндүгүн эскерткен. Бирок дарыгер кыздарды экинчи ирет текшергенде да баштапкы диагноз тастыкталганын билдирген. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG