Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:34

Парламентте депутат Самаковдун иши боюнча комиссия түзүү сунушталды


Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковго козголгон кылмыш иш боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды. Мындай сунушту парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Эсенгул Исаков көтөрүп чыкты. Анын айтымында, бул тууралуу Самаков өзү суранууда. Маселе комитеттин күн тартибине киргизилди.

Жогорку Кеңеш депутаты Карганбек Самаковго Бишкектин айланасындагы 260 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп 14-майда кылмыш иши козголуп, эртеси күнү ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

17-майда Октябрь райондук соту анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, эки айлык мөөнөткө үй камагына чыгарган. Сот чечимине ылайык, ал райондун аймагынан чыга албайт жана түнкү саат ондон таңкы сегизге чейин өз үйүндө болууга тийиш. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG