Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Өкмөт адам укуктары боюнча БУУнун сунуштарын алды


Кыргыз өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши Кыргызстандагы адам укугуна байланыштуу абалды жакшыртуу боюнча сунуштарынын үстүнөн иштеп жатат. Бул тууралуу юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, БУУнун сунуштамалар топтому ушул айдын башында келип түштү. Учурда өкмөт аны ишке ашыруу боюнча атайын план иштеп чыгууда.

Кыргызстан адам укугунун сакталышы боюнча январь айында БУУда баяндама жасаган. Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча кеңешинин 70тен ашык өлкөсү Кыргызстанга өз сунуштарын берген. Анда негизинен кумсаларды пропагандалоого каршы, бейөкмөт уюмдарды “чет өлкөлүк агент” катары таануу сыяктуу мыйзам долбоорлорду кабыл албоо, аялдардын, балдардын, этникалык азчылыктардын укугун коргоо сыяктуу сунуштар айтылган эле.

Бириккен Улуттар Уюмунун 2008-жылы кабыл алынган декларациясына ылайык, ага мүчө 193 мамлекет ар беш жыл сайын адам укуктарын коргоо боюнча аткарылган иштер тууралуу эл аралык коомчулукка маалымдап турушу керек. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG