Жер көчкүдөн жабыркап Сузактын ооруканасында дарыланып жаткан беш адамга жардам көрсөтүлдү. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев ар бирине өкмөттүн атынан 20 миң сомдон тапшырды. Мындан сырткары жеңил жараат алгандарга 10 миң сомдон жардам берилди.
Буга чейин президенттин резервдик фондунан набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миң сом, өкмөттөн 50 миң сомдон бөлүнгөн.
Сузактын Кыр-Жол айылында 24-майга караган түнү көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калган. Натыйжада 6 адам каза таап, айылдын 5 тургуну ооруканага жаткырылды. Набыт кеткендердин баарынын сөөгү жерге берилди. (RsK)