Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Алтынбек Муралиевдин соту башталууда


Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн өкмөттүк аппараттын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Алтынбек Муралиевге козголгон кылмыш иш боюнча ишти карайт. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сот жабык өтөт.

Алтынбек Муралиев тыңчылык кылган деген кине менен кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына өткөн жылдын 1-ноябрында камакка алынган. Ага УКМК кызматтык жашыруун сырды чет өлкөгө берген деген берене менен кылмыш иш козгогон, тергөө иштери бүтө элек. Алтынбек Муралиев мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу. (BkA)

XS
SM
MD
LG