Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Израилдин мурдагы премьери жаңы жаза алды


Эхуд Ольмерт сот залында, Йерусалим, 25-май, 2015
Эхуд Ольмерт сот залында, Йерусалим, 25-май, 2015

Израилдин мурдагы премьер-министри Эхуд Ольмерт сегиз айлык абак жазасына кесилди. Ал "Таланск иши" деп аталган иште пара алуу боюнча айыпталууда. Ольмерт үчүн бул биринчи жаза эмес, ал мурдараак башка бир коррупциялык иш боюнча 6 жылга кесилип, бирок абактагы жаза мөөнөтүн али баштай элек болчу.

Ольмерттин адвокаттары дароо эле бул өкүмгө каршы даттанарын айтып чыгышты. Эхуд Ольмерт 2006-2009-жылдары Израилдин премьер-министри болуп иштеген. 2009-жылдын башында ал коррупциялык айыптоолорго байланыштуу кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Ольмерт өзүнө тагылган айыптоолорду дайыма четке кагып келген. Ал адегенде коррупция жана алдамчылык боюнча тагылган айыптан акталып, 2012-жылы абактагы жаза мөөнөтү 19 миң доллар айып пул төлөөгө алмашкан. Бирок соттук териштирүүлөр учурунда башка бир коррупциялык иштер боюнча жаңы далилдер чыгып, прокуратура ага кайрадан айып такты.

XS
SM
MD
LG