Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Салянованын күйөөсүнүн соту уланууда


Мурдагы Баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго козголгон кылмыш иш боюнча сот жараяны өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Бакыт Абдыкапаровго карата иш Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу боюнча тендер жана “Тазалык” ишканасына байланыштуу козголгон. Прокуратура анда бир канча адамдан турган топ аталган ишкананын өкүлдөрүнө каршы козголгон кылмыш ишти кыскартып берүү тууралуу убада кылып 50 миң доллар алган, күбөлөр алардын арасында Абдыкапаров да болгон деп көрсөтмө берген деп кабарлаган.

Бакыт Абдыкапаров өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет. Ал эми Аида Салянова күйөөсүнө козголгон кылмыш иштерди өзүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG