Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Ооганстандагы жардыруу беш өмүрдү алды


Ооганстандын түштүгүндөгү Забул провинциясынын административдик борборундагы жардыруунун курмандыктары өсүп жатканын ооган бийликтери кабарлашты. Соңку маалыматтарга караганда, андан беш адам мерт болуп, алтымыштан ашуун киши жаракат алды.

Забул провинциясынын полиция башчысы Мирвайс Нурзай чабуул жергиликтүү акимчиликтин кире беришинде болгонун, белгисиз адам анча чоң эмес жүк ташыгыч унааны жардырып жибергенин айтты.

Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти Талибан тобу өзүнө алды. Пакистан менен чек арада турган Забулда соңку айларда согушкерлер активдеше баштаганы айтылууда.

XS
SM
MD
LG