Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Украин чек арасына жакын жерде Орусиянын аскер техникасы табылды


Украин чек арасына жакын жердеги орус аскер техникасы, 24-май, 2015.
Украин чек арасына жакын жердеги орус аскер техникасы, 24-май, 2015.

Ростов облусунда украин чек арасына жакын жерден Орусиянын аскер техникасынын кербени, тагыраагы бир учурда бир канча ракета чыгаруучу "Ураган" системасы табылды. Аскер машинелеринин сүрөтүн "Рейтер" маалымат агенттиги жарыялады. Аталган агенттик 24-майда номердик белгилери жок аскер техникасы Матвеев Курган шаарынан жолдор жана таалаалар аркылуу украин чек арасы тарапка багыт алганын жазды.

Жекшембинин кечинде болсо сепаратисттер Донецк облусунун Широкино айылында Украинанын Улуттук гвардиясы жайгашкан тарапты аткылаган. Атышуу бир канча саатка созулуп, бир украин аскери каза тапкан жана дагы экөө жаракат алган.

Украин армиясынын командачылыгынан сепаратисттер сутка ичинде ок атышууну токтотуу келишимин 16 жолу бузганын билдиришти. Өзүн-өзү жарыялап алган "Донецк элдик республикасы" болсо алар жака украин өкмөттүк аскерлери тараптан 43 жолу аткылоо болгонун айтууда.

XS
SM
MD
LG