Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Сузактын акими кызматтан кетти


Нурболот Мирзахмедовду кызматтан бошотуу боюнча буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Мирзахмедов кызматтан кетүү тууралуу өзү арыз жазган. Ал өз чечимин күзүндө болчу парламенттик шайлоого катышуу каалоосу менен түшүндүргөн.

Ал арада азыр Сузактын Кыр-Жол айылында адам өмүрүн алган кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

24-майга караган түнү аталган айылда көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калган. Натыйжада 6 адам каза таап, айылдын 5 тургуну ооруканага жаткырылды. (BkA)

XS
SM
MD
LG