Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:54

Президент Атамбаев Сузакка барды


Президент Алмазбек Атамбаев Сузактагы жер көчкү болгон аймакка барды. Бул тууралуу «Азаттыкка» мамлекет башчынын маалымат катчысы Жанар Акаев кабарлады. Анын айтымында, президент табигый кырсыктан жабыркагандар менен жолугуп, анын кесепетин жоюу иштери менен таанышууда.

Сузактын Кыржол айылында 24-майга караган түнү көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калган. Натыйжада 6 адам каза таап, айылдын 5 тургуну ооруканага жаткырылды. Набыт кеткендердин баарынын сөөгү жерге берилди. Азыр аймакта тазалоо жумуштары жүрүп жатат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG