Линктер

шаршемби, 18-январь, 2017 Бишкек убактысы 12:10

Ашхабатта түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедовдун эстелиги ачылды. Алтын жалатылган эстелик улуттук кийимчен президенттин ат үстүндө оң колун бийик көтөргөн элесин чагылдырат. 21 метр бийиктиктеги бул эстелик "Аркадаг монументи" деп аталат. "Аркадаг" деген түркмөнчөдөн которгондо "түркүк" дегенди туюндурат.

Өлкө бийликтери эстелик "жарандардын көптөгөн суранычтарынан" соң коюлганын айтууда. Бердимухаммедов Түркмөнстанды 2007-жылдан бери башкарат.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG