Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Жалпы тестирлөөнүн суроолорун жарыялап жиберген улан-кыздар маалымат беришет


Орто мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн суроолорун сүрөткө тартып, жарыялап жиберген улан-кыздар бүгүн журналисттерге маалымат беришет. Аларды “Илим” билим берүүчү комплексинин жетекчиси Гайша Ибрагимова, Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун башчысы Инна Валькова коштоп келишет.

Орто мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөөсү 19-майда башталды. Тестирлөөнүн 1-айлампасы бүткөн кезде айрым абитуриенттер суроолорду сүрөткө тартып, интернетке жарыялап жибергени маалым болгон. Билим берүү министрлиги мунун алдын алып, башка программалар даярдалганын, интернетке жарыяланган суроолор баары бир башка абитуриенттерге кереги тийбесин жарыялады.

Маалыматка ылайык, жалпы республикалык тестирлөөнүн суроолорун сүрөткө тартып, жарыялап жиберген абитуриенттерге чара көрүлгөн.

Жалпы тестирлөө өнөктүгү 14 жылдан бери жүргүзүлүп келатат. Аны Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору өткөрөт. Быйыл мектепти 75 миңден ашуун окуучу бүтүрөт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG