Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:55

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам коомдук талкууга чыгарылды


“Конституцияга өзгөртүү киргизүү” боюнча мыйзам долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, мыйзамды парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген фракциялардын лидерлери Феликс Кулов, Чыныбай Турсунбеков жана Өмүрбек Текебаев демилгелеген. Мыйзам долбоордун максаты "2010-жылдагы референдумда камтылбай калган айрым тактоолорду киргизүү" деп түшүндүрүлгөн:

“2010-жылы Конституциянын долбоору чыныгы демократиялуу жана прогрессивдүү жоболор менен шайкеш келтирди. Тилекке каршы, Убактылуу Өкмөт референдумга коюлган Конституциянын текстин кароонун жана бекитүүнүн жүрүшүндө ага өзүнчө түзөтүүлөрдү киргизген. Аларды ишке ашыруунун андан аркы практикасы көрсөткөндөй, алар Конституциянын баштапкы маани-маңызына, ошондой эле реалдуу турмушка дал келбегендигинен улам өзүн өзү актай алган эмес”- деп айтылат негиздемеде.

Буга чейин аталган мыйзам долбоорду парламенттеги коалициялык көпчүлүк өз жыйынында талкуулаган эле. Анда “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов негизги өзгөртүү катары депутаттардан императивдик мандатты алып, фракция чечими менен чакыртып алуу укугун киргизүү, Жогорку Соттун президиумун киргизүү экенин билдирген.

Бирок бир катар депутаттар бул сунуштарга каршы чыккан. Алар 2010-жылы 27-июндагы референдумдагы кабыл алынган Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбой турганын жүйө келтиришкен.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG