Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак райондук бөлүмүнүн башкы адиси Элдияр Исраилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бошогон жер кыртышы жакынкы күндөрү айылды көздөй жылышы мүмкүн.
- Ошол себептен ага жакын жайгашкан үч үйдү дагы коопсуз жайга көчүрүү зарылчылыгы бар, – деди Исраилов.
Мындан сырткары айылда учурда 89 үй-бүлө дагы кооптуу жерлерде жашап келет.
Дүйшөмбүдө президент Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушуу учурунда тургундар башка жактан жер тилкелерин бөлүп берүүнү суранышты.
Сузактын Кыр-Жол айылында 24-майга караган түнү көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калган. Натыйжада алты адам каза таап, айылдын беш тургуну ооруканага жаткырылды. Азыр аймакта тазалоо жумуштары жүрүп жатат.(RsK)