Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

Тестирлөө суроосун тараткандар кечирим сурады


Жалпы республикалык тестирлөөнүн суроолорун сүрөткө тартып, жарыялап жиберген бүтүрүүчүлөр кечирим сурады. Алар Бишкектеги “Илим” билим берүү борборунун окуучулары болгон. Окуучулар мындай аракетти досторуна жардам берүү максаты менен түшүндүрүшүп, туура эмес кылганын кийинчерээк түшүнгөнүн билдиришти.

Орто мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөөсү 19-майда башталды. Тестирлөөнүн 1-айлампасы бүткөн кезде айрым абитуриенттер суроолорду сүрөткө тартып, интернетке жарыялап жибергени маалым болгон. Билим берүү министрлиги мунун алдын алып, башка программалар даярдалганын, интернетке жарыяланган суроолор баары бир башка абитуриенттерге кереги тийбесин жарыялады.

Маалыматка ылайык, жалпы республикалык тестирлөөнүн суроолорун сүрөткө тартып, жарыялап жиберген абитуриенттерге чара көрүлгөн.

Жалпы тестирлөө өнөктүгү 14 жылдан бери жүргүзүлүп келатат. Аны Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору өткөрөт. Быйыл мектепти 75 миңден ашуун окуучу бүтөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG