Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Президент Атамбаев Жалал-Абадда жыйын өткөрдү


Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абадда облус активи менен жолугушуу өткөрдү. Анда мамлекет башчы өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине кошулушу, жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу айтып, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Президент быйыл күздө өтчү парламенттик шайлоо маанисин белгилеп, жарандарды жоопкерчиликтүү мамиле кылууга үндөдү.

Ал ортодо облустагы 2010-жылдагы июнь окуясы учурунда жабыркагандар президент менен жолуга албай калганын айтышууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” облустагы кабарчысына окуянын жабырлануучуларынын бири Максат Абдукаимов билдирди. Алар окуя учурунда жоготкон турак-жайы калыбына келбей жатканын айтып, президенттен бул ишти өз көзөмөлүнө алууну суранууда.(BkA/RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG