Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Кыргыз-орус аскерлеринин биргелешкен машыгуусу өтүүдө


Бишкекте Кыргызстан менен Орусиянын атайын багыттагы аскердик бөлүктөрүнүн биргелешкен машыгуусу өтүп жатат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук Гвардиядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кыргызстандан машыгууга Улуттук Гвардиянын курамындагы “Пантера” атайын багыттагы бригадасынын, ал эми Орусиядан Иваново шаарында жайгашкан аба-десанттык бөлүктүн аскерлери катышууда. 25-майда башталган машыгуу 5-июнга чейин созулат. Анын жүрүшүндө десанттар кургакта жана абадагы ар кыл аскердик көнүгүүлөрдү жасап, тажрыйба алмашат. Машыгууга эки тараптан 100дөн ашык аскер катышууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG