Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Ирак армиясы ИМге каршы ири операция баштады


Ирак армиясынын курамындагы суннит отряды ИМдин согушчандары менен Байжи мунай ишканасынын жанында салгылашууда. 25-май 2015
Ирак армиясынын курамындагы суннит отряды ИМдин согушчандары менен Байжи мунай ишканасынын жанында салгылашууда. 25-май 2015

Ирак армиясы Анбар провинциясында “Ислам мамлекети” тобунун согушчандарына каршы чоң операция баштады. Операцияга шиит жана суннит милициясы катышып жатканын 26-майда Ирактын өкмөттүк телеканалы билдирди. Шиит милициясынын өкүлүнүн айтымында, максат Рамадини камоого алып, согушчандарды шаардан чыгарбай талкалоо. Жихадчылар өкмөттүк күчтөрдү Рамадиден майдын баш ченинде сүрүп чыккан. Халифатчылар Анбар провинциясынын чоң бөлүгүн 2014-жылы жайында ээлешкен. Рамадини алдыруу АКШ башындагы коалициянын авиакүчтөрү колдогон Ирак армиясы үчүн чоң сокку болду.

XS
SM
MD
LG