Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

Мирбек Абдыкадыров ММА боюнча Азия чемпиону болду


MMA боюнча Азия чемпиону Мирбек Абдыкадыров. 24-май, 2015-ж. Кожент шаары.
MMA боюнча Азия чемпиону Мирбек Абдыкадыров. 24-май, 2015-ж. Кожент шаары.

Кыргызстандык Мирбек Абдыкадыров ММА аралаш жеке уруш түрү боюнча (Mixed Martial Arts) Азия чемпиону болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын ММА жана Панкратион федерациясынан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдеш 23-24-май күндөрү Тажикстандын Кожент шаарында өткөн. Ага сегиз өлкөдөн: Кытай, Иран, Казакстан, Ооганстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Кыргызстандан мушкерлер катышып, 7 салмак ченинде күч сынашкан.

Кыргызстандын намысын 7 спортчу коргоп, алардын бешөө чейрек жана жарым финалдык таймаштарда атаандаштарын утуп финалга чыгышкан. 70 кг салмакта Мирбек Абдыкадыров финалда кытайлык Хи Наннанды жеңип чемпиондук курду тагынган.

ММА аралаш жеке уруш түрү боюнча (Mixed Martial Arts) Азия чемпиондугуна катышкан Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрү. 24-май, 2015-ж. Кожент шаары.
ММА аралаш жеке уруш түрү боюнча (Mixed Martial Arts) Азия чемпиондугуна катышкан Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрү. 24-май, 2015-ж. Кожент шаары.

Ал эми Эламан Коргонбай уулу (62 кг), Данияр Абдибаев (84 кг), Бабамурат Жолдошев (93 кг) жана Максат Мусабаевдер (93 кг) экинчи орунду ээлешип, вице-чемпион болушкан. Жалпы командалык эсепте Кыргызстандын курамасы экинчи орунду ээлеген. Азиянын ММА Ассоциациясына 9 өлкө мүчө. Бул Азия чемпиондугуна Түшүк Кореянын өкүлдөрү катышкан эмес.

XS
SM
MD
LG