Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

«Кулан көмүр» ишканасын "кара тизмеден" чыгаруу сунушталууда


Жогорку Кеңештин Отун энергетика жана кен байлыктар комитети 26-майдагы отурумунда Казакстандын “Кулан көмүр” ишканасын радиоактивдүү көмүр ташыган ишканалардын катарынан чыгарууну жактырды. Эми бул маселе парламенттин жалпы отурумунда каралат.

“Электр станциялары” акционердик коому Куландын көмүрүн сатып алууга каршы эместигин билдирген. Парламент комитетинин жыйынында ишкананы жетекчи орун басары Бердибек Боркоев эгер көмүр сапаты жана коопсуздугу жагынан талапка жооп берсе, сатып алууга болорун айтты. Маалымат боюнча Кыргызстанга радиоактивдүү көмүрдү Казакстандын “Кулан ТБ” ишканасы саткан, ал эми “Кулан көмүр” ишканасы аны менен бир кенди пайдалангандыктан, чогуу эле "кара тизмеге" кирип калган.

2011-жылы “Электр станциялар” ишканасы Бишкек жылуулук берүү борборуна Казакстандын Кулан кенинен ташылып келген көмүрдүн радиоактивдүүлүгү жогору экени аныкталган. Ушундан улам парламент “Кулан-Көмүр” жана “Кулан ТБ” компанияларына Кыргызстанга көмүр ташып кирүүгө чектөө киргизип койгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG