Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

КТРКнын Байкоочу кеңеши сунуштар аткарылбай жатканына нааразы


Коомдук биринчи каналдын Байкоочу кеңешинин сунуштары аткарылбай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Байкоочу кеңештин төрагасы Абды Сатаров билдирди. Анын айтымында, кеңеш мүчөлөрү канал жетекчилигине сунуш берүүгө гана укуктуу. Бирок аларга канал жетекчилери көңүл бурбай койгон учурлар көп болууда. Бул көрсөтүүлөрдүн сапатына таасирин тийгизип жатат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Байкоочу кеңеш Коомдук каналдын бейтарап иш алып баруусуна таасир тийгизе албай жатканын айтууда.

Коомдук каналдын Байкоочу кеңеши 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин түзүлгөн. 12 адамдан турган кеңештин курамына мүчөлөрдү президент, парламент жана коомдук уюмдар көрсөтөт. Байкоочу кеңеш каналдын бейтарап, журналистиканын стандарттарынын негизинде иш алып барышын көзөмөлдөйт. (BkA)

XS
SM
MD
LG