Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Орус парламенти Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү келишимин жакында карайт


Орусиянын Федералдык Кеңеши Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимди жакынкы аралыкта карайт. Бул тууралуу кеңеш төрайымы Валентина Матвиенко Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушуусунда билдирди. Кыргыз парламентинин маалымат кызматы кабарлагандай, буга чейин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин да келишимди жакынкы аралыкта карай турганын билдирген.

20-майда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимди ратификациялады. Андан бир күн өтпөй президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Келишимдер толук кандуу ишке кириши үчүн аны уюмга мүчө төрт өлкө: Орусия, Беларус, Казакстан жана Армениянын парламенттери жактырышы зарыл. (BkA)

XS
SM
MD
LG