Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Шайлоо мыйзамын өзгөртүү сунушу парламентте талкуу жаратты


Жогорку Кеңеште “Президент жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү боюнча долбоор каралууда. Аны “Ар-Намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов иштеп чыккан. Ага ылайык, саясий партиялар Жогорку Кеңешке өтүү үчүн шайлоого катышкан жарандардын 9 пайыздык добушун алышы керектиги көрсөтүлгөн. Буга чейин бул чек 7 пайыз болчу.

Кулов өзгөртүүнү парламенттин туруктуу иштешине шарт түзүү деп негиздеп жатат.

Бирок бир катар депутаттар бул демилгеге каршы чыгып, "шайлоо босогосун" жогорулатуу партиялык диктатурага шарт түзөт деп сындап жатышат. (BkA)

XS
SM
MD
LG