Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:01

Швейцарияда Футбол ассоциацияларынын эл аралык федерациясынын (ФИФА) мартабалуу алты төбөлү коррупциялык иш-аракеттерге шектелип, камакка алынганын аталган өлкөнүн юстиция министрлиги кабарлады. Алар ФИФА жетекчилигиндеги коррупция жана паракорчулук, футбол боюнча дүйнө чемпионаттарын өткөрүүдө шаарларды тандоо боюнча АКШ бийликтери жүргүзгөн иликтөөнүн алкагында кармалган. Азыр эми бул алты чиновник АКШга экстрадициялоо чечимин күтүп жатканы маалымдалууда.

Британиянын Guardian гезити ФИФАнын коомчулук менен байланыш боюнча директору Вальтер де Грегорийге таянуу менен кармалгандардын арасында федерация президенти Йозеф Блаттер жок экенин жазып чыкты.

ФИФА мүчөлөрү 29-майда Цюрихте жылдык жыйынга чогулмак. Анда федерациянын азыркы президенти Йозеф Блаттердин талапкерлиги бешинчи мөөнөт үчүн добушка коюлары кабарланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG