Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

Сот Мамбеталиевдин “Вечерний Бишкек” боюнча доосун карай баштады


Бишкектин Октябрь райондук сотунда президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин “Вечерний Бишкек” басылмасына карата доосу каралууда. Мамбеталиев басылма кадыр-баркына шек келтирди деп 50 миллион сом талап кылган.

"Вечерний Бишкектин" айланасындагы чыр былтыр күзүндө башталган. Анын мурунку негиздөөчүлөрдүн бири Александр Рябушкин сотко кайрылып, акциялардагы өз үлүшүн талап кылган. Рябушкиндин арызын Бишкек шаардык соту канааттандырган.

Мындан соң басылма президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, аны рейдерлик жол менен тартып алуу аракети жүрүп жатканын, артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, президенттик аппараттын жетекчисинин ошол кездеги орун басары Икрамжан Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев турушу мүмкүн экенин билдирген. Бул үчүн Эркин Мамбеталиев кадыр-баркыма шек келтирди деп “Вечерний Бишкекти” сотко берген. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG