Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Нарында “Тамекини таттууга алмаштыр” акциясы өттү


Нарында "Тамекини таттууга алмаштыр" акциясы өттү
Нарында "Тамекини таттууга алмаштыр" акциясы өттү

Нарын облустук ден соолукту чыңдоо комитети уюштурган бул акцияга Нарын медициналык колледжинин студенттери катышты. Алар шаар көчөлөрүн кыдырып элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чөнтөгүндөгү тамекисин алып, ордуна момпосуй таратышты. Ошондой эле уюштуруучулар шаардын жана облустун бийлик өкүлдөрүнө да барып, чылымдарын чогулткан. Үч саатка созулган акция чогулган тамекилерди өрттөө менен аяктады.

Комитеттин башчысы Фатима Абдукаримова акция 31-май - Тамекиге каршы бүткүл дүйнөлүк күнгө карата уюштурулду. (MiK)

XS
SM
MD
LG