Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Атамбаев: Сирияга адамдар билимсиздиктен кетүүдө


Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Араван районундагы Жаңы-Абад айылында эл менен жолугушууда билдирди. Президенттин белгилешинче, Сириядагы согушка катышып жаткандар көпчүлүгү жетиштүү билим алган эмес. Бул себептен ар кандай жалган убадаларга алданып кетип жатышат.

Президент ошондой эле айрым имамдардын билим деңгээли төмөн экенине тынчсыздануу билдирди. Ошондуктан жергиликтүү тургундарды балдарынын билим алышына тиешелүү шарт түзүп берүүгө чакырды.

Расмий маалымат боюнча учурда Сириядагы согушка 350гө жакын кыргызстандык катышып жүрөт. 30дан ашууну ошол жактан каза тапкан. 2014-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети терроризмге байланышкан 137 кылмыш ишин козгоп, анын 76сы тергелип, сотко жиберилген.

УКМК согуштук аракеттерге катышып келген деген шек менен 30дан ашык адам кармалганын өткөн аптада кабарлады. (BkA)

XS
SM
MD
LG