Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:31

Казакстанда кырылган жейрендердин саны 120 миңден ашты


Костанай, Акмоло жана Актөбө облустарында кырылган жейрен-бөкөндөрдүн саны 120 миң 977 башка жеткенин бүгүн өлкөнүн айыл чарба министрлиги кабарлады. Министрликтин маалыматына караганда, азыр кырылган жейрендердин өлүктөрүн көмүү иштери аяктап калды. Кырылган жейрендердин токсон пайыздайы ургаачы жейрен – бөкөн экени белгилүү болду. Бул жаныбарлардын кырылуу себеби алиге белгисиз. Ага жугуштуу илдет себеп болгону боолгонууда.

Казакстанда 2014-жылдагы санак боюнча жейрендердин саны 300 миңден ашкан. Бул 2013-жылга слыштырганда 50 миң башка көп.

XS
SM
MD
LG